Президенттик аппараттын китепканасы октябрда ачылат

24 саат кызмат көрсөтө турган китепканада балдар үчүн атайын бөлүмдөр болот.

1264353
Президенттик аппараттын китепканасы октябрда ачылат

Бештепедеги Президенттик аппараттын китепканасы курулуп бүтөйүн деп калды.

Китепкананын ачылышын келээрки айда президент Режеп Таййип Эрдоган ишке ашырат.

24 саат кызмат көрсөтө турган китепканада балдар үчүн атайын бөлүмдөр болот.

1 жарым миллион басылма, 500 миң мезгилдүү басылма, 5 миллион китеп максаты менен курулган Түркиянын эң чоң китепканасынын ачылышына аз убакыт калды.

Бул туурасында маалымат берген Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Президенттиктин китепканасы биздин илим, маданият, көркөм-өнөр, ой-жүгүртүү мурасыбызды чагылдырат жана дүйнөнүн алдыңкы маданият жана цивилизацияларынын негизги чыгармаларын да камтыйт. Ушул жагынан Түркиянын дүйнөгө ачылган каалгасына айланат»,-деди.

Калын: «Окурмандар текчелерден каалаган китептерди алып барактап окуй алышат жана электрондук чөйрөдө да китептерге, мезгилдүү басылмаларга, журналдарга, газеталарга жетүү мүмкүнчүлүгүн табышат»,-деп билдирди.

Китепкана 24 саат кызмат көрсөтөт. Анда 5-10 жана 10-15 жаш курактар үчүн атайын бөлүмдөр да болот.

Мазмуну жана түшүнүгү жагынан Түркияда алгачкы болгон бул китепкананын негизинде китепкана маданиятынын өнүктүрүлүүсү максатталууда.



Тектеш кабарлар