Президенттиктин чоң сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү

Президенттиктин Маданият жана Искусство сыйлыктарына татыктуу деп табылган ысымдар белгилүү болду.

1518754
Президенттиктин чоң сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү

Президенттиктин 2020-жылдагы Маданият жана Искусство сыйлыктарына татыктуу деп табылган ысымдар белгилүү болду.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, түрк маданиятына жана искусствосуна чоң салым кошкон, Түркиянын маданиятын жана искусствосун көтөрүүгө аракет кылган, мыкты чыгармалары же кызматтары менен жогорку жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн адамдарга же мекемелерге берилген Президенттиктин Маданият жана Искусство боюнча чоң сыйлыктарынын быйылкы жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн кылдат иш аяктады.

Президенттиктин маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарынын алкагында быйыл коллекционер Мехмет Чеби сыйлыкка татыктуу деп табылып, Берилгендик сыйлыгын Нежмеддин Окйайга берүү чечими кабыл алынды.

Маданият тарыхы жаатында Садеттин Өктен, коомдук илимдер жаатында Исмаил Кара, адабият жаатында Ибрахим Тенекежи, кино жаатында Дервиш Заим жана музыка жаатында Өздемир Эрдоган сыйланат.

Президенттиктин 2020-жылдагы Маданият жана Искусство сыйлыктары жакынкы күндөрү боло турган салтанатта президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан ээлерине тапшырылат.

Ал арада маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Твиттердеги баракчасынан Президенттиктин 2020-жылдагы Маданият жана Искусство боюнча чоң сыйлыктарына татыктуу деп табылгандарды куттуктады.



Тектеш кабарлар