Режиссер Нури Билге Жейландын тасмалары Рим жана Венада көрсөтүлөт
Юнус Эмре Институту ийгиликтүү түрк кинолорун көрсөткөн «Түрк тасмалары жумалыгы» долбоорун улантууда.
Түркиянын маданият дипломатиясын жүргүзгөн Юнус Эмре Институту ийгиликтүү түрк кинолорун көрсөткөн «Түрк тасмалары жумалыгы» долбоорун улантууда.
Маданият жана туризм министрлигинин кино башкы директорлугунун колдоосу менен түзүлгөн долбоор менен жүздөгөн кино түрдүү өлкөлөрдө кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлүүдө.
Ушул күнгө чейин 20 өлкөдө жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде Канн жана Анталия алтын апелсин сыяктуу эл аралык кино фестивалдарында атын дүйнөгө угузган Нури Билге Жейландын кинолору 22- 24 - ноябрда Римде, 2 – 8 - декабрда Венада көрсөтүлөт.
«Ахлат дарагы», «Кыш уйкусу» жана «Бир убактар Анадолуда» аттуу кинолор көрсөтүлө турган иш чарада студенттер, режиссерлор жана продюссерлер менен жолугушуулар, маектер өткөрүлөт.
«Түрк тасмалары жумалыгынын» негизинде өзгөчө жылдын акырына чейин бир топ жергиликтүү тасмалар Ливан, Босния - Герцеговина, Австрия, Марокко, Италия, Венгрия, Румыния жана Казакстанда да көрсөтүлөт.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.