Сафранболу аптанын аягында 15 миң туристти коноктоду
Сафранболуга аптанын аягында жергиликтүү жана чет элдик туристтер агылып барды.
БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) тарабынан эң мыкты сакталган алдыңкы 20 шаардын арасында көрсөтүлгөн Карабүктүн тарыхый үйлөрү менен таанымал району Сафранболуга аптанын аягында жергиликтүү жана чет элдик туристтер агылып барышты.
Осмон империясы (13-20-кылым) мезгилинен калган сарайлар, мончолор, үйлөр, суу чорголору, мечиттер жана көпүрөлөрү менен ачык асман алдындагы музейге окшогон, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген Сафранболу, Түркиянын мадият туризминдеги эң негизги жерлердин арасында орун алууда.
Төрт миң орундуу районго аптанын аягында Германия, Түштүк Корея, Япония, Австралия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Канададан орто эсеп менен 15 миң турист келди.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.