Салттуу түрк көлөкө театры кытай көрүүчүлөрү менен жолугушту
Маданият жана туризм министрлигине караштуу Мамлекеттик театрлар башкы директорлугуна караштуу Трабзон мамлекеттик театрынын артисттеринен турган команда Кытайдын Пекин жана Гуанжоу шаарларында Карагөз жана Хаживат чыгармаларын тартуулашты.
Салттуу түрк көлөкө театры Кытайда спектаклдер, семинарлар жана атайын көргөзмө менен таанытылды.
Маданият жана туризм министрлигине караштуу Мамлекеттик театрлар башкы директорлугуна караштуу Трабзон мамлекеттик театрынын артисттеринен турган команда Кытайдын Пекин жана Гуанжоу шаарларында Карагөз жана Хаживат чыгармаларын тартуулашты.
Пекиндеги Юнус Эмре Түрк маданият борборунда 17-апрелде өткөрүлгөн иш-чарада, «Сыйкырдуу чырак» аттуу көлөкө оюну көрсөтүлдү, анда салттуу түрк көлөкө театрынын мотивдери жана фигуралары, ошондой эле Салттуу кытай көлөкө театрынын мотивдери камтылган.
Пекиндеги иш-чаралардан кийин мамлекеттик театрдын артисттери өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын борбору Гуанжоу шаарына бет алышты.
Иш-чаранын алкагында Гуанжоу шаардык китепканасында Карагөз жана Хачиват көлөкө (20-майга чейин көрүүгө болот) көргөзмөсү ачылды.
Түрк өнөрпоздору Гуанжоуда дагы 3 оюн жана 2 семинар өткөрүшөт.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.