Сарыкамыш операциясын эскерүү иш-чарасы өттү

Акар Карстын Сарыкамыш районундагы Сарыкамыш операциясынын 107 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө Акчакале чек ара сызыгында болгон террордук кол салууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1759581
Сарыкамыш операциясын эскерүү иш-чарасы өттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Шанлыурфанын Акчакале районундагы чек ара тилкесинде кечээ үч аскер шейит болгон террордук кол салуудан кийин дароо керектүү операциялар башталганын айтып: «Жазалоо операцияларыбыз уланып жатат. Алар кайда качса качсын, чыккынчыларды, террористтерди табабыз»,-деди.

Акар Карстын Сарыкамыш районундагы Сарыкамыш операциясынын 107 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө Акчакале чек ара сызыгында болгон террордук кол салууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

«Чыккынчылык менен кол салууда үч баатыр жолдошубуз шейит болду»,-деп айткан Акар: «Кол салуудан кийин дароо керектүү операциялар башталды. ПКК/ЙПГ буталары катуу атылды, атылып жатат. Биринчи аныктамалар боюнча чалгындоо булактарынан алынган маалыматка караганда 12 террорист жок кылынды. Жазалоо операцияларыбыз уланууда. Бул сан дагы көбөйөт деп ойлойбуз.Каякка качса качышсын, биз чыккынчыларды, террористтерди табабыз. Биз шейиттерибиздин канын эч качан жерде калтырган жокпуз, калтырбайбыз»,-деди.

Ошол эле учурда Сарыкамыш операциясынын 107 жылдыгынын алкагында уюштурулган жүрүш аяктады.

Сарыкамыш районунун Соганлы жана Аллахуекбер тоолорунун ортосундагы Кызылчубук чокусунда таң эрте «Көлөкөнү ээрчип» деген темада уюштурулган эскерүү иш-чарасына Түркиянын көптөгөн облустарынан жана чет өлкөлөрдөн жаш-кары дебей көптөгөн атуулдар чогулду.

Карстын борбору жана Сарыкамыш районунан автобустар менен чокуга жеткен атуулдар колдоруна түрк желектерин көтөрүп жөө жүрүш менен чогулган жерге барышты.

Иш-чарага Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Деря Янык жана башка көптөгөн саясатчы жана бюрократтар катышты.



Тектеш кабарлар