Стамбул "дүйнөнүн кереметтүү жерлери" тизмесинде орун алды

Журналдын бул жумадагы санынын мукабасы «Дүйнөнүн кереметтүү жерлери» болду.

1861332
Стамбул "дүйнөнүн  кереметтүү жерлери" тизмесинде орун алды

Стамбул Time  журналынын «2022 – жылдын кереметүү 50 жери» тизмесине кирди.

Журналдын бул жумадагы санынын мукабасы «Дүйнөнүн кереметтүү жерлери» болду.

Торонто, Майами, Богота, Марсель, Найроби, Сеул, Түндүк уюл аймагы жана Долни Морава менен бирге Стамбул да журналдын мукабасында орун алган шаарлардын бири болду.

Time журналы жыл сайын жарыялаган тизмеде Ковид-19 эпидемиясынан кийин экономикасын калыбына келтирүүдө ийгиликтүү болгон, туруктуулукка маани берген, бул тармакка инвестиция салган жана позитивдүү түрдө өскөн 50 шаарга орун берилди. Тизме журналдын кабарчылары жана дүйнөнүн булуң-бурчунан  окурмандар тарабынан түзүлдү.

Журналда Стамбулдан сөз болгон бөлүк «Классикалык кайра жаралуу» деп аталды. «Өлкөнүн аты түрк тилинде колдонула баштаган Түркиянын сыйкырдуу шаары Стамбул өзүнчө эле бир реносанс»,- деп билдирилген журналда Стамбулдун тарыхый райондорунан Каракөйдө ачылган Галатапорттун дүйнөнүн алгачкы жер астындагы жүргүнчү станциясына ээ круиздик порту экендиги белгиленди.

Притцкер сыйлыгынын ээси архитектор Рензо Пиано тарабынан долбоорлонгон Стамбул заманбап искусство музейине токтолгон журналда Ататүрк маданият борбору тууралуу да маалымат берилди.

Ататүрк маданият борборунун мурунку имаратынын 2008 -  жылы  жабылгандыгы, кулатылып кайрадан курулгандыгы, 13 жылдан кийин өткөн жылы ишин жаңы баштаганы белгиленген журналда кайрадан долбоорлонгон жерде концерттик зал, театрлар, галерея жана китепкананын бар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар