Стамбулдагы символдор көк түскө бөлөндү

Кечээ Дүйнөлүк аутизм күнү эле.

19 Mayıs 2020 05:05

2-апрель Дүйнөлүк аутизм күнүндө аутизмге көңүл буруу максатында Түркия жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн шаарлардын символдук имараттары көк түскө бөлөндү.

АКШда Autism Speaks тарабынан баштатылган «Көк жарык жак» (Light It Up Blue) акциясынын  алкагында дүйнө жүзүндө болгондой эле Түркияда да шаарлар менен бүтүндөшкөн имараттар жана жайлар көккө айланды.

Аутизмге көңүл буруу үчүн Стамбулда Фатих Султан Мехмет көпүрөсү, Галата мунарасы сыяктуу көптөгөн символдук түзүлүштөр көк жарык менен жарыктандырылды.