Стамбулдун багынтылышынын 567- жылы белгиленүүдө

Алгач Түркия парус федерациясы тарабынан 29 -  Май Стамбул босфорунун багынтылышына карата жүрүш болду.

1425764
Стамбулдун багынтылышынын 567- жылы белгиленүүдө
erdogan tekneleri selamlama1.jpg
erdogan tekneleri selamlama.jpg

Стамбулдун багынтылышынын 567 -  жылы президент Р. Т. Эрдоган катышкан атайын программа менен белгиленүүдө.

Алгач Түркия парус федерациясы тарабынан 29 -  Май Стамбул босфорунун багынтылышына карата жүрүш болду.

Сарйер жээк коопсуздук командирлигинен башталган жүрүштө улуттук спортчулар болгон түрк байрактуу кемелер Хубер сарайынын алдынан президент Эрдоганга салам берди.  

Эрдоган да түрк байрактары менен салам берген кемелерге кол булгалап жооп берди.

Топкапы сарайынан  баштала турган атайын программада дүйнөнүн эң эски жана көркөмдүү армия оркестры Улуттук коргоо министрлигинин Мехтеран бөлүгү жана өнөрпоз Арсланбек Султанбеков биринчи жолу бул күнгө карата атайын мехтер маршын аткарат.

Президенттик жана коммуникация башкармалыгынын Youtube каналдарында жана соцтармактарда Түркия убактысы боюнча саат 19: 00дө Стамбулдун багынтылышына арналган атайын

концерттик программа жарыяланат.

Түркия убактысы боюнча саат 19:00дө Жаачылар фондунун Стамбулдун алынышына карата кубогу өткөрүлөт. Кураан Карим жана фетих дуасы менен баштала турган иш чарада Салттуу түрк жаачылык финалдарынын сыйлык тапшыруу аземдери жана жалпы Түркияда өткөрүлгөн «Стамбулдун багынтылышы» деген темада ыр окуу конкурсунун биринчиси видеодон көрсөтүлөт.

Президент Эрдогандын Түркия убактысы боюнча саат 20:53тө видеоконференция аркылуу катыша турган иш чарада мехтеран командасы, жарыктандыруу жана фейерверктер атылат. Иш чара  Түркия убактысы боюнча саатт 21:30да маданият жана туризм министрлиги уюштурган Стамбулду багынтуу аземи менен Аясофияда улантылат.

Программа Фатих Султан Мехметтин Стамбулду багындырып жатканда кемелерди кургактыктан алып өткөн багыт аркылуу өтүп Аясофияга келген дрон көрүнүштөрү менен башталат.

Аясофия ичинде фетих сүрөсүнүн окулушу менен улантыла турган программада фетих дуасы окулат.  Президент Эрдоган видеоконференция аркылуу катыша турган программада Аясофиянын алдына курула турган бир платформада Стамбулдун багындырылышы тема болгон картографиялык көрсөтүү да болот.

Стамбулдун багындырылышына карата  иш чаралар тарыхый жарым аралдагы фейерверк атуулары менен аяктайт.

Программалардын баарын президенттик жана коммуникация башкармылыгынын Youtube каналдары менен соцтармактар жана телекөрсөтүү каналдарынан түз эфирден көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар