Сүмела монастыры үчүн веб-сайт ачылды
Сүмела монастырынын таанытылышы үчүн "sumela.gov.tr" сайтынын ачылганы маалымдалды.
Коммуникация башкармалыгы, Трабзондогу Сүмела монастырын таанытуу максатында веб-сайт даярдады.
Президенттик аппараттын билдирүүсүндө, калыбына келтирүү иштеринен кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылган Сүмела монастырынын таанытылышы үчүн "sumela.gov.tr" сайтынын ачылганы маалымдалды.
"Анадолунун жашырылган баалуулуктары жарыкка чыгууда" деген билдирүү менен зыяратчыларды тосуп алган сайтта, Сүмела монастырынын тарыхы, архитектурасы жана калыбына келтирүү иштери жөнүндө кеңири маалыматтар жана фотосүрөт галереясы орун алган.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да өзүнүн Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Биз Сүмела монастырын реставрация кийин кайрадан зыяратка ачып Анадолунун байыркы маданиятын сактап калуу үчүн дагы бир кадам таштадык. Сүмеланын тарыхына, архитектурасына жана кооз фотосүрөттөрүнө "sumela.gov.tr "веб-сайтынан жете аласыздар»,-деди.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.