Таркан Австриянын борбор калаасы Венада концерт койду

Таркандын Европа турнесинин алкагында Винер Штадтхалледе койгон концертке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөтүштү.

1307903
Таркан Австриянын борбор калаасы Венада концерт койду

Эстрада жылдызы Таркан, Австриянын борбор калаасы Венада концерт койду.

Таркандын Европа турнесинин алкагында Винер Штадтхалледе койгон концертке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Көп жылдар өткөн соң Венадагы күйөрмандары менен жолуккан Таркан, эң акыркы жолу 11 жыл мурда келгенин, Венадагы концерттери абдан жакшы өткөнүн айтты.

Алты миңдей киши уккан концерт убагында бий бийлеп ыр ырдаган чебер, арасында «Жолдо», «Бул түндө», «Дуду» жана «Эх Анам эх» аттуу ырлары дагы болгон мурдагы жана жаңы альбомунан бир топ жактырылган ырларын күйөрмандары менен бирге ырдады.

Таркан, Швейцариянын Цюрих, Германиянын Ганновер жана Кельн шаарларында кое турган концерттери менен жылдын акырына чейин Европа турнесин улантат.



Тектеш кабарлар