Таркан Харбийеде концерт коёт

Өткөн жылы балалуу болгону үчүн  Харбийедеги концерттерин токтоткон Таркан бул жылы 20 – 21 – 23 -  сентябрь күндөрү сахнага чыгат.

1252106
Таркан Харбийеде концерт коёт

 

Белгилүү ырчы Таркан сентябрь айында үч концерт менен Стамбул Харбийе Жемил Топуз ачык аба сахнасында күйөрмандары менен жолугушат.

Өткөн жылы балалуу болгону үчүн  Харбийедеги концерттерин токтоткон Таркан бул жылы 20 – 21 – 23 -  сентябрь күндөрү сахнага чыгат.

Белгилүү ырчы Харбийедеги концерттеринен кийин Европа туруна чыгып,  6 -  октярбда Лондондогу Хаммерсмит Аполлодо  сүйүлгөн ырларын аткарат.

Эки  жыл мурда «10» аттуу альбомун музыка сүйүүчүлөрүнө сунуштаган ырчы өзгөчө 26 -  октябрда Германиянын Маннхеим шаарында, 14 -  ноябрда Нидерландиянын Амстердам шаарында, 16 -  ноябрда Австриянын борбор шаары Венада, 30 -  ноябрда Швейцариянын Цюрих шаарында жана 21 -  декабрда Германиянын Келн  шаарында концерт коёт.



Тектеш кабарлар