Таркан Москвада концерт койду
Таркан концертте эски жана жаңы ырларын ырдады.
1201388
Түрк эстрада жылдызы Таркан Орусиянын борбор шаары Москвада концерт берди.
Түркия-Орусия маданият жана туризм жылынын алкагында Крокус Сити Холлдо өткөрүлгөн концертке Таркандын миңдеген орусиялык күйөрманы келди.
Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар да барган концертке, Москвада жашаган көп сандаган түрк жараны да катышты.
Таркан концертте эски жана жаңы альбомдорунан ырларын аткарды.
Көптөн кийин Москвада концерт койгонун белгилеген ырчы, орусиялык күйөрмандарын сагынганын айтты.
Эки саатка жакын сахнада болгон Таркан шоу көрсөтүүлөрү менен көңүлдөрдү бурду.