ТРТ Йешилкөйдөгү өзгөчө кырдаал ооруканасын даректүү тасмага тартты

TRT Стамбулдун Йешилкөйүндөгү  «проф.д-р Мурат Дилменер» атындагы өзгөчө кырдаал ооруканасынын салынуу аңгемесин түшүндүргөн даректүү тасма тартты.

1423784
ТРТ Йешилкөйдөгү өзгөчө кырдаал ооруканасын даректүү тасмага тартты

Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT),  Стамбулдун Йешилкөйүндөгү  «проф.д-р Мурат Дилменер» атындагы өзгөчө кырдаал ооруканасынын салынуу аңгемесин түшүндүргөн даректүү тасма тартты.

ТРТдан берилген маалыматка караганда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштери жүргүзүлгөн оорукананын пайдубалын түптөөдөн ачылышына чейин бардык баскычтарын күнү түнү дебестен видеого тарткан TRT Belgesel (даректүү тасма) каналынын  оорукананын салынуу аңгемесин атайын репортаж жана видеолор менен жакында экранга алып чыга турганы белгиленди.

8-апрелден бери тартыла баштаган даректүү тасмада 70 миң чарчы метрдик аянтка ээ болгон жана ар бир бөлмөсү реанимацияга айландырыла алган оорукананын салынышы түшүндүрүлүп, жогорку деңгээлдеги коопсуздук чара көрүүлөрү, дененин табын өлчөгөн бейтап бөлмөлөрү, атайын басымдуу аба өткөрбөгөн реанимациялык бөлмөлөр, сезимтал фильтр системасы жана конок үйлөрү да алгач ирет экрандарга чагылдырылат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен табигый кырсык жана эпидемия тармактарында колдонулушу үчүн 184 миң чарчы метрдик аянтка пайдубалы түптөлгөн, 1008 орундуктуу Стамбулдун Йешилкөйүндөгү  «проф.д-р Мурат Дилменер» атындагы өзгөчө кырдаал ооруканасы 31-майда тейлөөгө киргизилет.



Тектеш кабарлар