TRT World БУУда жаштарга арналган диспут өткөрдү

TRT World Citizen, БУУнун Башкы борборунда , «Туруктуу келечек жаратуу; жаштарды жана коргоосуз коомчулуктарды күчтөндүрүү» темалуу диспут уюштурду.

1358439
TRT World БУУда жаштарга арналган диспут өткөрдү

TRT World Citizen, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы борборунда , «Туруктуу келечек жаратуу; жаштарды жана коргоосуз коомчулуктарды күчтөндүрүү» темалуу диспут уюштурду.

Түркиянын БУУдагы туруктуу миссиясы, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, БУУнун жаштар өкүлчүлүгү жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын кызматташуусунда уюштурулган диспутка, БУУнун Өнүгүү агенттигинин директорунун орун басары Ричард Тоул, Бириккен Улуттар Уюмунун жаштар элчиси Жаятма Викранамаяке, академик проф.д-р Талип Күчүкжан, TRT World  изилдөө директору Пынар Кандемир жана SETA DC изилдөө директору Кылыч Бугра Канат баяндамачы катары катышышты.

Диспутта санариптик тармакта активдүү болгон медиа мекемелеринин, жашоо шарттарынын себебинен өзүн түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн таба албаган кишилерге жана коомчулуктарга кантип пайда алып келе турганы,жаштардын социалдык өнүгүүлөрүнө кандай оң салым кошо ала турганы талкууланды.

SETA DC изилдөө директору Кылыч Бугра Канат, Түркияда жашаган сириялыктарга карай жасалган иштер туурасында маалымат берди.

Проф.д-р Талип Күчүкжан болсо өзгөчө Түркиядагы сириялык балдардын билим алууларына токтолуп, «Түркиядагы сириялык качкындардын көпчүлүгү лагерлердин тышында, Түрк калкы менен бирге жашайт. Ушул себептен үй-бүлөлөрдүн жана балдардын коомчулукка интеграциясы үчүн билим берүү иш-аракеттери абдан маанилүү»,-деп айтты.

БУУнун Өнүгүү агенттигинин директорунун орун басары Ричард Тоул да Түркиянын баш калкалоочулар темасында дүйнөгө үлгү боло турган ишти аткарганын баса белгилеп, «Түркия, качкындар темасында өз милдетинен дагы ашыгын аткарууда»,-деди.

БУУнун Өнүгүү агенттигинин директорунун орун басары Ричард Тоул, өзгөчө баш калкалоочу балдарга карай ишке ашырылган саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы тейлөөлөрүнөн улам Түркияга ырахматын айтты.

Диспут аяктаган соң Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Феридун Синирлиоглунун дагы катышуусунда дүйнөнүн ар башка аймактарында TRT World  командаларындагы фото-кабарчылар тарабынан тартылган фотосүрөттөр орун алган «Согуштагы аялдар(Women of War)» аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмө 14-февралга дейре ачык болот.



Тектеш кабарлар