TRT World каналы Вашингтондо жаңы студиясын ачат

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, Вашингтон берүү борборунун TRT World каналынын бүтүндөй эл аралык турумдары үчүн милдеттенген бир катар жаңылануунун алгачкысы болгонун белгиледи.

1082095
TRT World каналы Вашингтондо жаңы студиясын ачат

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) англис тилиндеги каналы TRT World, АКШнын борбор шаары Вашингтондогу жаңы студиясы менен кабар желесин кеңейтүүсүн улантууда.

Түркиянын эл аралык маалымат желеси болгон TRT World, Вашингтондун борборунан окуяларды дароо чагылдыра турган студияларын 6-7-ноябрь күндөрүнрдө боло турган АКШнын толуктоочу (арадагы) шайлоолору үчүн даярдаган атайын программасы менен дүйнөгө таанытат.

6-7-ноябрда ишке аша турган шайлоолр убагында TRT Worldдун  адис кабарчылары Жоржия, Флорида жана Техас сыяктуу негизги штаттардан бере турган берүүлөрү менен шайлоолорду ар өңүттөн чагылдырат.

Алгач ирет добуш бере турган шайлоочулардан азчылык топтордун мүчөсү болгон шайлоочуларга микрофонун суна турган TRT World, ошол эле убакта миграция темасы жана «Жылдын аялы» сыяктуу маанилүү темаларда көрүүчүлөрүнө ар башка көз караштарды билдирет.

TRT Worldдун маанилүү экран жүзү Алижан Айанлардын шайлоо боюнча атайын программасына айрыкча жогорку жетекчиликтен меймандар чакырылат.

TRT Worldдун Вашингтондогу берүү борбору, айрыкча «Bigger Than Five» (бештен чоң) программасынын мазмунун да жума сайын көрүүчүлөргө жеткирет.

Эл аралык атак даңкка ээ болгон журналист Ghida Fakhry тарабынан алып барыла турган программа, глобалдык дүйнө тартиби, супер күчтөрдүн өз араларында колунда кармаган күчүн жана эл аралык маселелерге салтка айланган мамиле көрсөтүүсүн сынга алып, көрүүчүлөрүн башкача түрдө кайрадан ойлонууга багыттайт.

Программа, айрыкча Вашингтондогу жана дүйнөнүн ар тарабындагы чоң саясий актерлор менен дагы маектешүүлөрдү ишке ашырат.

Жарыяда пикирлерине орун берген ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, Вашингтон берүү борборунун TRT World каналынын бүтүндөй эл аралык турумдары үчүн милдеттенген бир катар жаңылануунун алгачкысы болгонун белгиледи.

TRT World, АКШдагы Року, Amazon Fire TV, Apple TV жана 25 миллиондон ашуун аппаратка жеткен чоң санариптик платформада орун алат. ТРТ Дүйнөсү, жергиликтүү мазмунга жана өзгөчө ишке ашырууга ээ болгон Американын бардык социалдык медиа түйүндөрүндө да орун алат.



Тектеш кабарлар