ТРТнын БУУдагы иш-чарасы

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) БУУнун Башкы борборунда уюштурулган диспутта түшүндүрүлөт.

1356784
ТРТнын БУУдагы иш-чарасы

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) курамында 2017-жылы «позитивдүү өзгөрүүгө шыктандыруу» урааны менен түзүлгөн социалдык жоопкерчилик иш-аракети TRT World Citizen тарабынан башталган жана ушул убакка дейре журналисттик кесипти жүздөгөн жаштарга тааныткан «Жаштар үчүн журналистика» (Journalism for Juniors) БУУнун Башкы борборунда уюштурулган диспутта түшүндүрүлөт.

Түркиянын БУУдагы туруктуу миссиясы, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, БУУнун жаштар өкүлчүлүгү жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын кызматташуусунда уюштурулган диспут, «Туруктуу келечек жаратуу; жаштарды жана коргоосуз коомчулуктарды күчтөндүрүү» темасы менен гуманитардык жардам жана өнүгүү тармагында иштерди уланткан, ар башка секторлордон ысымдардын катышуусу менен  БУУда ишке ашырылат.

Диспутта БУУнун Өнүгүү агенттигинин директорунун орун басары Ричард Тоул, Бириккен Улуттар Уюмунун жаштар элчиси Жаятма Викранамаяке, академик проф.Талип Күчүкжан, TRT World  изилдөө директору Пынар Кандемир жана SETA DC изилдөө директору Кылыч Бугра Канат сөз сүйлөйт.

Диспутта санариптик тармакта активдүү болгон медиа мекемелеринин, жашоо шарттарынын себебинен өзүн түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн таба албаган кишилерге жана коомчулуктарга кантип пайда алып келе турганы,жаштардын социалдык өнүгүүлөрүнө кандай оң салым кошо ала турганы талкууланат.

2019-жылы медиа секторунун эң престиждүү сыйлыктарынан бири болгон IBCнин «Социалдык таасир» сыйлыгына ылайык көрүлгөн "Жаштар үчүн журналистика" программасы, журналисттик кесибин, жаңы медиа жана технология сунуштаган мүмкүнчүлүктөр менен бириктирип шарты болбогон жаштар менен жолугуштурууну максаттайт.

Ушул убакка дейре өлкө ичинде жана тышында орун алган жүздөгөн жаштар, "Жаштар жана журналистика" программасына катышып, санариптик медиа аркылуу  кабар жасоо билимин алды.                                                                



Тектеш кабарлар