ТРТнын орусча санариптик кабар каналы ачылды

ТРТнын берүүлөрүнө караганда Түркиянын үнүн эл аралык тармакта угузган ТРТ, чет тилдердеги берүүлөрүн арттырууну жана күчтөндүрүүнү улантууда.

1422928
ТРТнын орусча санариптик кабар каналы ачылды

 

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) жаңы кабар каналы ТРТ-Орусча бүгүндөн тарта санариптик платформаларда берүү турмушун баштады.

ТРТнын берүүлөрүнө караганда Түркиянын үнүн эл аралык тармакта угузган ТРТ, чет тилдердеги берүүлөрүн арттырууну жана күчтөндүрүүнү улантууда. ТРТ каналдары менен санариптик платформалардын эл аралык тармакта жүргүзгөн ийгиликтүү кабарчылык графиги күн өткөн сайын жогорулоодо.

Ушул алкакта берүүлөрүн баштаган ТРТ-Орусча, маанилүү репортаждар, маалыматтандыруучу отчеттор жана көңүл буруучу видеолор менен орусча берүүлөрүндө таасирдүү болууну максаттап жатат. Орусча башкача мазмундарды суна турган ТРТ-Орусча, тажрыйбалуу ысымдар менен бир топ кабарды камтыган таасирдүү медиа болот.

Көз караш түрдүүлүгүнө маани бергени сыяктуу орусча сүйлөшкөн коомчулуктардын да кайрылуу платформасы болууну максаттаган ТРТ-Орусча каналы, аймактык жана маданий байланышта маалыматтандыруучу жана тең салмактоочу элемент катары процесске кирет.

ТРТ-Арабча, TRT World  жана жакында эле эфирин баштаган TRT Deutsch каналынан кийин эми болсо ТРТ-Орусчанын берүүсүн баштоосу менен ТРТ, дүйнө жүзүндө таасирдүү марка болуу жолунда кадам таштоосун улантууда.

ТРТ-Орусча, орус тилинде сүйлөшүлгөн өлкөлөрдө туура маалымат жана туура кабарларга жетүүнү камсыздайт. Дезинформация жана манипуляция менен күрөшүү жагынан таасирдүү ролду милдеттенет. Сапаттуу кабарчылык түшүнүгү менен эне тили орусча болгон коомчулуктарда ишенимдүү кабар жана маалымат булагы катары өзүн жайгаштырат. Москва баш болгон абдан кеңири аймакта көп сандаган шаарларда кабарчылары аркылуу аймактын тамырын тартат.

ТРТ-Орусча кабар платформасы, YouTube, Facebook, Twitter, Instagram жана  Telegram сыяктуу социалдык тармактарда атайын мазмундары менен орусча сүйлөгөн аймакка кайрылат.



Тектеш кабарлар