ТРТнын «Жаштар үчүн журналисттик» программасына эл аралык сыйлык ыйгарылды

ТРТ, эл аралык аренада жетишкен сыйлыктарына дагы бир жаңысын кошту.

1270689
ТРТнын «Жаштар үчүн журналисттик» программасына эл аралык сыйлык ыйгарылды

Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТ, эл аралык аренада жетишкен сыйлыктарына дагы бир жаңысын кошту.

«Өзгөрүүгө илхам болуу» урааны менен жолун баштап жаштарга журнаристтиктин каалгасын ачкан ТРТ, социалдык жоопкерчилик долбоору болгон TRT World Citizen алкагындагы «Journalism for Juniors» мындайча айтканда «Жаштар үчүн журналисттик» программасы өз тармагында дүйнө биринчилигин багындырды..

Долбоор, дүйнөнүн эң таасирдүү медиа, көңүл ачуу жана технология жарманкеси болгон IBC 2019да социалдык таасир сыйлыктарында тизменин башынан орун алды.

Нидерландиянын Амстердам шаарында жыл сайын уюштурулган эл аралык IBC жарманкесинин жазуу түрүндөгү жарыясында, ТРТга таандык «Жаштар үчүн журналисттик» долбоорунун «Түрдүүлүк жана кеңири катышуучулукка багытталган демилгелерди таануу» сыйлыгына ылайык көрүлгөнү белгиленди.

ТРТ, Англиянын медиа мекемеси ВВСнин тийиштүү категориядагы чыгарылышын артка калтырып тизменин башында орун алды.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, бул тема тууралуу баа берүүсүндө, «Жаштар үчүн журналисттик долбоорунун алкагында бир гана Түркияда эмес, Түркиянын тышында да бир топ жерде жаштарга барып журналисттик сабагын берген ТРТдагы бардык жолдошторумду куттуктаймын»,-деди.

ТРТ менен бирге сыйлык алгандардын катарында «Шакектердин паашасы» сериалындагы Голлумдун ролун ойногон атактуу актер Энди Серкис да бар эле.

Жаштар үчүн журналисттик долбоорунда ушул убакка дейре ар башка социалдык топтордон миңден ашуун жашка жетип журналисттик сабагы берилди.



Тектеш кабарлар