Түрк ашканасы GoTurkey сайтында таанытылууда

Go Turkey сайты, Түркияга келген туристтерге гастрономия жаатында жол көрсөтөт.

1571318
Түрк ашканасы GoTurkey сайтында таанытылууда

Түрк ашканасынын даамдары, гастрономиянын багыттары жана алдыңкы ресторандар жөнүндө маалыматтар GoTurkey сайтына киргизиле баштады.

Түркияда фаунанын жана флоранын көп түрдүүлүгүнүн аймактын тамак-аш түрдүүлүгүнө чоң салым кошкондугу, дээрлик бардык аймактардын өз гастрономиялык тажрыйбасын чагылдырылгандыгы баса белгиленген сайтта, "түрктөрдүн эртең мененки тамагы", "түрктөрдүн көчө тамактары", "Ресторандар", "Даамдуу тамак", "Уникалдуу тамак-аштар жана суусундуктар", "Мезе" маданияты, "Түшүм жыйноо күндөрү", "Пайдалуу түрк ашканасы", "Юнесконун чыгармачыл шаарлар тармагы", "Гастро багыттар" жана "Шашпай желчү тамактар" деген темаларда маалыматтар берилди.

Эгей аймагы, Газиантеп, Ван жана Кара деңиздеги эртең мененки тамактардын түрлөрүнө байланыштуу кеңири маалымат берилген сайтта, Түркиянын эртең мененки тамак маданиятынын дүйнөдөгү эң мыкты оноонун бирине киргендиги баса белгиленди.

GoTurkeyдин веб-сайтында түрк ашканасынын мыкты даамдары жөнүндө кыскача маалыматтар да бар.

Даамдарды 5 сезим менен айкалыштырууну максат кылган GoTurkeyде, 7 аймактын даамдары, зыярат кылына турчу жана көрүлө турчу жерлер, ошондой эле жыпар жыттар боюнча сунуштар да камтылган.

Go Turkey сайты, Түркияга келген туристтерге гастрономия жаатында жол көрсөтөт.



Тектеш кабарлар