Түрк дүйнөсүнүн ата-бабалар спорт фестивалы Кожаяйлада башталды

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган программада сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсү үчүн энергияны бириктирүү маанилүү экенин айтты.

1858666
Түрк дүйнөсүнүн ата-бабалар спорт фестивалы Кожаяйлада башталды
turk dunyasi ata sporlari.jpg
turk dunyasi ata sporlari.jpg
turk dunyasi ata sporlari.jpg
turk dunyasi ata sporlari.jpg
turk dunyasi ata sporlari.jpg

Бурса шаардык муниципалитети тарабынан быйыл 5-ирет уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн ата-бабалар спорт фестивалы Келес районундагы Кожаяйлада башталды.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган программада сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсү үчүн энергияны бириктирүү маанилүү экенин айтты.

Билал Эрдоган Түрк дүйнөсүнүн ушундай жол менен жакындашуусу күчтөрдүн биримдигин түзөрүн белгиледи.

Түрк дүйнөсү үчүн салттуу спорт түрлөрүн жашашынын маанилүү экенин билдирген Билал Эрдоган: «29-сентябрдан 2-октябрга чейин биздин кереметтүү Изникте IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Дүйнөдө салттуу спорттун өнүгүп жатканына жана 100дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышканына Изникте күбө болобуз. Ошондой эле жакынкы убакыт 26-августта, Ахлатта, Малазгиртте болобуз.Түрк дүйнөсүнүн Анадолуну мекен кылганынын мааракесинде Ахлатта элибиз менен салттуу спортту бөлүшөбүз. Жыл сайын бул спорттогу түзүлүшүбүз хоббиден корпоративдик спорт түзүлүшшнө карай бекем кадамдарды таштоодо»,-деди.

Андан соң Билал Эрдоган фестиваль аймагындагы атчан жаа атуу жана күрөш турнирлерин көрүп, жаа атуу аянтында жебелерди атты. Эрдоган аймакка тигилген боз үйлөрдү да кыдырып, иш-чаралар тууралуу маалымат алды.



Тектеш кабарлар