Түрк кофеси Америкада таанытылууда

Түрк кофе маданиятын таанытуу максатында жолго чыккан «Кыдырып жүрүүчү түрк кофе үйү» АКШдагы таанытуусун Нью – Йорктон баштады.

1266691
Түрк кофеси Америкада таанытылууда

Түрк кофе маданиятын таанытуу максатында жолго чыккан «Кыдырып жүрүүчү түрк кофе үйү» АКШдагы таанытуусун Нью – Йорктон баштады.

"Кыдырып жүрүүчү түрк кофе үйү" долбоорунун негизинде сентябрь айында Нью – Йорк менен Нью – Жерси, Мэриленд, Вирджиния аймактары жана Вашингтон D.Cде түрк кофеси америкалыктарга сунуш кылынат.

Долбоордун директору Гизем Шалжыгил Уайт дүйнөнүн алгачкы кофе бышыруу методу болгон түрк кофесин дагы көп таанытуу жана кофе маектери менен коомдордун ортосунда маданий диалогдордун курулушун максат кылган гастролду башташкандарын айтты.

Уайт АКШда күндө 400 миллион стакан кофе ичилгендигин бирок 500 жылдык түрк кофесинин билинбегендигин айтып : «Түрк кофеси Америкада күчтүү кофе катары билинет. Бирок андай эмес. Ичип көрүлбөгөндүктөн билинбейт. Биз бул жерде кофени таанытып жана түрк кофеси үчүн талап жаратып, базар үлүшүн түзүүнү каалап жатабыз»,- деди.

Таанытууда миңдеген америкалыкка акысыз кофе сунуш кылышарын айткан Уайт : «Салттык кийимдер менен сунула турган кофелер жана маектешүүлөр менен бирге тобубуздагы жазуучу, өнөрпоз жана илимроздор менен бирдикте маданий таасирлешүү жаратып түрк кофесинин тарыхый мааниси менен даамын таанытууга аракет кылабыз»,- деди.

2 -  октябрга чейин улантылары белгиленген «Кыдырып жүрүүчү түрк кофе үйү» гасролунда өзгөчө белгилүү  сүрөтчү Хасан Кале да кофенин майда калдыктары менен өз өнөрүн көрсөтөт.



Тектеш кабарлар