Түрк коргонуу өнөр жайы Лондонго барат

DSEI-2019га быйыл 50дөн ашуун өлкөдөн 1 миң 600дөн ашык чет элдик ишкана менен 35 миңден ашуун кишинин катышаары күтүлүп жатат.

1266197
Түрк коргонуу өнөр жайы Лондонго барат

Президенттикке караштуу Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын жетекчилигиндеги түркиялык 42 ишкана Англиянын баш калаасы Лондондо өтө турган, дүйнөнүн алдыңкы коргонуу өнөр жайы жарманкелеринен Эл аралык коргонуу жана коопсуздук жарманкесине (DSEI) катышат.

Көргөзмө-жарманке 10-13-сентябрда коргонуу-коопсуздук өнөр жайынын жана өлкөлөрдүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.

Эки жылда бир уюштурулган жарманкеге быйыл 50дөн ашуун өлкөдөн 1 миң 600дөн ашык чет элдик ишкана менен 35 миңден ашуун кишинин катышаары күтүлүп жатат.

Коргонуу өнөр жайы министри Исмаил Демир жетектеген түрк делегациясы да чет өлкөлүк делегациялар менен расмий жолугушууларды өткөрөт.

DSEI-2019да Жакынкы Чыгыш, Африка, Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрү менен катар дүйнөнүн төрт тарабынан келген ишканалар тарабынан өндүрүлгөн коргонуу өнөр жайынын өндүрүмдөрүнүн жана кызматтарынын таанытылуусу жана сатылуусу ишке ашат.

Жарманке убагында түрк коргонуу өнөр жайы фирмалары тарабынан өндүрүлгөн брондолгон унаа платформалары, учкучтуу-учкучсуз ар түрдүү учактар, деңиз системалары, курал системалары, электроникалык системалар, ок-дарылар, симуляторлор, аскердик текстиль товарлары, логистикалык колдоо шаймандары таанытылып, докладдар окулат.



Тектеш кабарлар