Түрк сериал жана кинолору Пакистандыктардын кызыгуусун тартууда

Урду -1 каналы күндө 4 үрк сериалын урду тилиндеги  дубляж менен экрандарга чыгарууда.

1308435
Түрк сериал жана кинолору Пакистандыктардын кызыгуусун тартууда

 Пакистан телекөрсөтүүлөрүндө берилген түрк сериалдары өлкөдөн Түркияга келген турист санын жана түрк тилине болгон кызыгууну арттырды.

Пакистанда түрк сериалдары жана кинолорун көрсөткөн бир топ телекөрсөтүү бар жана өзгөчө Урду -1 каналы күндө 4 түрк сериалын урду тилиндеги  дубляж менен экрандарга чыгарууда.

Түрк сериалдарынын саясында 2013 -  жылдан баштап Пакистандан Түркияга карата саякатта өсүү болду.

2013 -  жылы Пакистандан Түркияга келген турист саны 34 миң болгон болсо бул сан жыл айын өсүү менен 2018 -  жылы 113 миңге жетти. Жылдын акырында бул сандын 120 миңден ашары күтүлүүдө.

Пакистандыктар өзгөчө белгилүү сериалдар тартылган жерлерди көрүүнү каалашат.

Юнус Эмре Институтунун Лахор түрк маданият борборунда түрк тилин үйрөнүүнү каалагандардын 80 пайызы түрк сериал жана кинолоруна кызыккандар.

Пакистан мамлекеттик телекөрсөтүүсү PTV менен Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТнын ортосундагы кызматташуу протоколунун негизинде PTVнын балдар каналында түрк мультфильмдеринин көрсөтүлүшү үчүн иш алып барылууда.

Пакистандыктар түрк сериалдарынын чындыкты чагылдырган, сапаты абдан жогору, актер жана актрисалардын  жөндөмдүүлүктөрү менен музыкалардагы сезимдердин абдан күчтүү экендигин белгилешти.



Тектеш кабарлар