Түрк сериалдары Орусияда чоң кызыгуу жаратууда

Риа Новости маалымат агенттиги, түрк сериалдарына болгон кызыгуу тууралуу талдоо макаласын жарыялады.

1568874
Түрк сериалдары Орусияда чоң кызыгуу жаратууда

Түрк сериалдары эң көп көрүлгөн өлкөлөрдүн башында Орусия турат.

ТРТнын дүйнөдөгү рекорддорду жаңырткан сериялы «Дирилиш Эртугрул» өзгөчө Орусиядагы мусулмандар тарабынан чоң кызыгуу менен көрүлүүдө.

Риа Новости маалымат агенттиги, түрк сериалдарына болгон кызыгуу тууралуу талдоо макаласын жарыялады.

"Түрк сериалдарынын даңазалуу доору" деп аталган макалада сериалдардын дүйнөлүк ийгиликтерине баа берилди.

"Түрктөр Эмми сыйлыктарын алган долбоорлорду ишке ашырууда" деген кабарда, Орусияда жана дүйнө жүзүндө көрсөтүлгөн сериалдардын кыскача баяндамалары жазылды.

Кабарда, Түркиянын маданият индустриясы рыногунда акыркы жылдардагы сериалдары менен Америка Кошмо Штаттарынан кийин экинчи орунга чыккандыгы эске салынды.

"Түрк сериалдарын Батыштын чыгарылыштарынан айырмалап турган эң маанилүү өзгөчөлүк болсо консервативдик элементтердин камтылышы" деп баа берилди.

Сериалдарды көрүүгө президент Режеп Таййип Эрдогандын имиджи дагы салым кошкону баса белгиленди.

Түрк сериалдарынын 100дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлгөндүгүнө көңүл бурган макалада, түрк экономикасына кошкон салымынын 500 миллион долларга жеткендиги билдирилди.

Орус маалымат агенттигинин макаласында, арткан кызыгуудан улам эл аралык сериалдар жана киноплатформалардын түрк сериалдарына көбүрөөк орун бергендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар