Түрк сериалдары рейтинг боюнча алдыңкы орундарда турат

Марокколуктар түрк сериалдарын кызыгып көрүшөт.

1201497
Түрк сериалдары рейтинг боюнча алдыңкы орундарда турат

Мароккодо көрсөтүлүп жаткан түрк сериалдары, рейтинг боюнча алдыңкы орундарда турат.

Өлкөдөгү жергиликтүү каналдардын рейтингин белгилеген «Maroc Metri» аттуу мекеменин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, мамлекеттик Канал-2 телеканалында көрсөтүлгөн «Мени кечир» аттуу түрк сериалы, Рамазан айында эң көп көрүлгөндөрдүн арасында үчүнчү орунду ээледи.

Сериалдын көрүү көрсөткүчү 70,8 пайыз экени жана күнүмдүк орто эсеп менен 9 миллион киши тарабынан көрүлгөнү айтылууда.

Марокко диалектиси менен дубляж кылынган жана 2011-жылдан бери көрсөтүлүп келе жаткан сериалдын каармандарынын да өлкөдө популярдуу экени белгилүү.

Мароккодо буга чейин да «Күмүш» жана «Липа дарагынын алдында» аттуу түрк сериалдары эң көп көрүлгөндөрдүн арасында эле.



Тектеш кабарлар