Түрк текстиль буюмдары Парижде таанытылды
Парижде өткөн жарманкеге Түркиядан 290 фирма катышты.
Улудаг текстиль экспортчулар биримдигинин мүчөлөрү Франциянын борбор шаары Парижде бирдей убакта өткөрүлгөн "Premiere Vision Paris" жана "Texworld Paris" жарманкелерине катышты.
Биримдиктен берилген маалыматка караганда 2021 – 2022 жаз - жай тренддери белгиленген, булгарыдан кебезге, аксесуардан даяр кийимге чейин бир топ товар көргөзмөгө коюлган жарманкеде Түркиядан 290 фирма катышты.
Улудаг текстиль экспортчулар биримдигинин стендинде түрк кебез секторун дүйнөгө таанытуу, сектордун имиджин өнүктүрүү менен өлкө тышында марка болушуна жол башчылык кылуу, азыркы рыноктогу үлүшүн өстүрүү, максат кылган өлкөлөр менен экспортту өнүктүрүү максатында даярдалган "Turkish Fashion Fabrics (TFF) Magazine" журналы таркатылды.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.