Түрк жана араб өнөрпоздор "Армони" көргөзмөсүндө жолугушту

Түркия жазуучулар союзунун Стамбул филиалынын жетекчилигинде ачылган көргөзмөдө 31 түрк жана араб өнөрпоздун түрдүү айкел, сүрөт жана жыгач ою сыяктуу чыгармалары орун алды.

1340660
Түрк жана араб  өнөрпоздор "Армони" көргөзмөсүндө жолугушту

Дамаск пластикалык өнөрлөр коомунун араб коому кызматташуусу менен даярдаган «Армони» аттуу көргөзмө өнөр сүйүүчүлөрү менен жолугушту.

Түркия жазуучулар союзунун Стамбул филиалынын жетекчилигинде ачылган көргөзмөдө 31 түрк жана араб өнөрпоздун түрдүү айкел, сүрөт жана жыгач ою сыяктуу чыгармалары орун алды.

Кызларага медресесиндеги көргөзмөгө байланыштуу маалымат берген Дамаск пластикалык өнөрлөр коомунун төрагасы Өмер Алнемер түрк жана араб өнөрпоздордун ортосунда маданий  байланышты түзүү максатында бул көргөзмөнү өткөрүшкөндөрүн айтты. Алнемер Стамбулда мындай иш чараны өткөрүшкөндөрү үчүн кубанычтуу экендерин да белгилеп : «Көргөзмө майлуу боёк картиналары, жыгач жана сөөктөн жасалган буюмдар менен айкелдер жана каллиграфия менен кооздоо сыяктуу бардык техникалар орун алган кенен түрдөгү бир иш чара болду»,- деди.

Көргөзмөгө Сауд Арабия, Сирия жана Ирактан 21, Түркиядан 10 өнөрпоздун катышкандыгын белгилеген Алнемер : «Түрк жана араб өнөрпоздордун арасында көргөзмөнүн атынан да билингендей бир гармония бар жана бул көргөзмө эки коомдун өнөрпоздорунун ортосундагы интеграция жолунда таштала турган биринчи кадам болду. Коом катары биздин негизги максатыбыз да бул. Тарыхта болгон түрк жана араб биримдигин бүгүн кайрадан өнөр тармагында түрдүү эмгектер менен жандандырып, достук курууну каалайбыз",- деди.

Көргөзмө эртеңкиге чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар