Түрк жана грек өнөрпоздору АКШда концерт беришти
Түрк-Америка соода жана өнөр жай палатасы (TACCI) менен Чыгыш Жер Ортолук деңиз бизнес маданияты коому (EMBCA) Нью-Йорк штатынын Манхэттен аймагында түрк жана грек музыкаларынын концертин уюштурду.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөрүлгөн иш-чарада түрк жана грек өнөрпоздору эки маданияттын музыкасын аткарышты.
Түрк-Америка соода жана өнөр жай палатасы (TACCI) менен Чыгыш Жер Ортолук деңиз бизнес маданияты коому (EMBCA) Нью-Йорк штатынын Манхэттен аймагында түрк жана грек музыкаларынын концертин уюштурду.
Экинчи иш-чарада түрк жана грек өнөрпоздору Эгей деңизинин эки жээгиндеги коомчулуктарга тааныш ырларды биргелешип ырдашты.
Концертте түрк музыканты жана композитору Женгиз Онурал жетектеген Түркиянын Чыгыш кыл аспаптар ансамбли түрк музыкасынын популярдуу ырларын аткарды.
Жули Зиаврастын жетекчилиги астында Эллиндик Рембетика ансамбли да грек музыкасын аткарды.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.