Түркия эң көп маданий баалуулуктарга ээ болгон 5 өлкөнүн арасында

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой борбор шаар Анкарада (кечээ) өткөрүлгөн «Тирүү адам байлыктары менен мурастын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде» сөз сүйлөдү.

1761298
Түркия эң көп маданий баалуулуктарга ээ болгон 5 өлкөнүн арасында

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган 21 объекти менен эң көп маданий баалуулуктарга ээ 5 өлкөнүн арасында болгону билдирилди.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой борбор шаар Анкарада (кечээ) өткөрүлгөн «Тирүү адам байлыктары менен мурастын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде» сөз сүйлөдү.

Эрсой миңдеген жылдар бою көптөгөн цивилизацияларга мекен болгон бул жерлер тарыхый жана маданий баалуулуктары менен ар дайым бир кадам алдыда болууга жетишкенин белгиледи.

Министр Эрсой, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Түркиянын материалдык эмес маданий мурастар жаатында үлгүлүү өлкөлөрдүн бири болгонун баса белгиледи:«ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине каттаган 21 элемент менен эң көп маданий баалуулуктарга ээ 5 өлкөнүн арасында орун алдык»,- деди.

Эрсой:«Мындан тышкары, 2021-жылдын март айында ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы тизмесине көп улуттуу түрдө сунушталган «Чай маданияты: иденттүүлүктүн, меймандостуктун жана коомдук өз ара аракеттешүүнүн символу», «Жибек курт-кумурскалар жана токуучулук үчүн жибектин салттуу өндүрүшү», «Насреддин Хожанын тамашасын айтуу салты» менен шашылыш коргоону талап кылган материалдык эмес маданий мурастар тизмесине улуттук деңгээлде сунушталган «Ахлат таш иштетүүсү» да 2022-жылы ЮНЕСКО тарабынан да бааланат»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар