Түркия китеп жана маданият жарманкеси эртең ачылат

Көргөзмө-жарманке 31-майга чейин уланат.

1200916
Түркия китеп жана маданият жарманкеси эртең ачылат

Түркиянын Дин иштери (Диянет) фонду тарабынан быйыл 38-жолу уюштурулган «Түркия китеп жана маданият жарманкеси» үчүн «Султанахмет» аянтындагы даярдыктар аяктады.

«Султанахмет» аянтында өтө турган көргөзмө-жарманке эртең каалгаларын ачат.

Жыл сайын баш калаа Анкарада да уюштурулган жарманкенин быйыл Стамбулдагы экинчи бекети болсо Бүйүк Чамлыжа мечити болот.

1981-жылдан бери 28 жыл бою «Султанахмет» аянтында уюштурулган «Түркия китеп жана маданият жарманкеси» орто эсеп менен 250 журналистти тосуп алат.

31-майга чейин улана турган жарманкеге күнүмдүк 10 миң кишинин келээри күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар