Түркия робототехника сынагында үчүнчү болду
Чханвон шаарында робототехника боюнча дүйнөлүк олимпиада өттү.
Эл аралык робот спорттору федерациясы биримдиги тарабынан жыйырма төртүнчүсү уюштурулган Дүйнөлүк робототехника сынагында Түркия биринчи жолу алдыңкы орунга илинди.
Түштүк Кореянын Чханвон шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк робототехника сынагында Түркияны Стамбулдан Гүнгөрен İTO Анадолу Имам Хатип кыздар лиценинин технология курмасы өкүлдүк кылды.
Түркиялык курама, FIRA эл аралык робот олимпиадасында «Аткарылгыс тапшырма» категориясында дүйнө үчүнчүсү болду.
Эки башка өлкөнүн командалары биригип түзгөн курамалар, роботту чогултуу жана программалоо боюнча жарышышты. Аны өтө ыкчам бүтүргөн командалардын арасында түркиялык окуучулар үчүнчүлүккө ээ болушту.
Ушундайча Түркия бул сынакта биринчи жолу сыйлык алган болду.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.