Түркияда Кадыр түн...

Ислам дүйнөсүнүн маанилүү түндөрүнүн бири болгон Кадыр түн Газиантептеги Миллет мечитинде чоң кызыгуу менен белгиленди.

2125540
Түркияда Кадыр түн...
gaziantep kadir gecesi.jpg

Курани Карим түшүрүлө баштаган Кадыр түн өлкөнүн бардык жеринде дуба менен белгиленди.

Ислам дүйнөсүнүн маанилүү түндөрүнүн бири болгон Кадыр түн Газиантептеги Миллет мечитинде чоң кызыгуу менен белгиленди.

Түркиянын эң чоң экинчи мечити болгон жана 34 миң кишилик Миллет мечиттин ичи да, сырты да толуп кетти.

Кахраманмараштагы Абдулхамид Хан мечитинде Кадыр түн үчүн 30 миң киши чогулду.

Курани Карим окулгандан кийин Мардиндин борбору жана райондорундагы мечиттерде дуба окулду.

Антальянын Кумлужа районунда «Кадыр түн» майрамынан улам салттуу ифтарга беш миңге жакын киши катышты.

Муштун Варто районунда өткөрүлгөн Кадыр түн программасына жарандар чоң кызыгуу көрсөттү.

Кырыккале шаарындагы Нокта мечитине миңдеген адамдар келип, Кадыр түн тилектеринин ишке ашуусу үчүн дуба кылышты.

Намаздан кийин Сакал-ы Шериф (Мухаммед пайгамбардын сакалы) саркофагынан чыгарылып, борбор шаар Анкаранын Бейпазары районунда жана Сивастын зыярат аймагына алып келинди.

Жарандар Османие жана Шанлыурфадагы мечиттерге агылды.



Тектеш кабарлар