Түркияга алып келинген эки тарыхый табылга музейге коюлат
Чет өлкөгө уурдалып кеткен эки табылга Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен Түркияга алып келинди.
Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен Түркияга алып келинген эки эмгек, борбор шаар Анкарада искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына сунушталат.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, мурунку жылдарда чет өлкөгө уурдалып кеткен жана Англияда табылып тапшыруу процесси башталган Ыспарта тектүү Сидамара түрүндөгү табыт менен б.з.ч 3000-2000-жылдарга таандык Анадолу тектүү эки өгүздүү араба, ишемби күнү Лондондогу «Хитроу» аэропортунан Стамбул аэропортуна алып келинди.
Акыркы бекети Анкара болгон эки тарыхый табылга Анадолу цивилизациялар музейинде маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой катыша турган 19-февралдагы таанытууда көрсөтүлөт.
Тектеш кабарлар
ТРТнын балдар фестивалына Нарындын "Наристе-Кызгалдак" бий тобу катышты
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.