Түркиянын эң чоң китепканасы Президенттик комплексте ачылат

Селчуктук, осмондук жана заманбап архитектурадан үлгүлөрдү камтыган 7 күн 24 саат иштей турган китепкананын ачылышы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан жасалат.

1362005
Түркиянын эң чоң китепканасы Президенттик комплексте ачылат

Түркиянын эң чоң китепканасы Президенттик «Улут» китепканасы бейшемби күнү ачылат.

Селчуктук, осмондук жана заманбап архитектурадан үлгүлөрдү камтыган 7 күн 24 саат иштей турган китепкананын ачылышы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан жасалат.

Курулуш иштери 2016-жылы башталган китепкана 125 миң чарчы метрдик үстү жабык аянтка ээ жана бир эле убакта 5 миң кишини тейлей алат.

Китепканада 4 миллион басылып чыккан, 120 миллиондон ашык электроникалык берүү менен 550 миң  электрондук китеп жана сейрек кездешүүчү чыгармалар орун алат.

Китепканада 100 башка өлкөдөн 134 башка тилде басмадан чыккан китеп менен 120 миллион макала жана отчет, узундугу 201 чакырымга жеткен текчелерде орун алган. Китепкананын электрондук китептерин окуу үчүн абонент болуулар башталды.

Ошондой эле китепканада атайын коллекциялар, сейрек кездешүүчү чыгармалар,кол жазмалар,буйруктар, карталар, фотосүрөттөр, маркалар жана гравюралар колдонуучуларга сунушталат.

Китепканада эң көп көңүл бурган бөлүмдөрдөн бири Үн жана видео китепканасы...Бул жерде 10 миң даана видео жана үн материалдардан турган коллекциялар бар. Окурмандар бул жерде видео тасма, музыка жана даректүү тасмаларды сатып алуу үчүн оңой эле жете алат.

Китепканага Түркияда алгач ирет колдонула турган система менен жаңы кимлик карточкасы менен кирүүгө болот.

Түбөлүк билим берүү борбору болушу максатталган китепканада балдар, жаштар дегеле ар кимге карай жасалма аң-сезим, кибер коопсуздук, арттырылган чындык, коддоо сыяктуу курстар жана билим берүү иш-чаралары уюштурулуп турат.

Түркиянын эң чоң китепканасы болуу өзгөчөлүгүнөн тышкары Президенттик «Улут» китепканасынын коллекция жагынан дагы, тейлөө жагынан дагы дүйнөдөгү саналуу гана китепканалардын катарына кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар