Түркиянын жаңы туристтик поезди «Месопотамия Экспресси»
Түркиянын жаңы туристтик поезди
Түркиянын жаңы туристтик поезди «Месопотамия Экспресси» таанытуу сапарын аяктады.
19-апрелде борбор шаар Анкарадан Диярбакырга созулган каттамда саякат сүйүүчүлөргө жаңы тажрыйбаларды тартуулай турган туристтик поезддин алгачкы сапарынын алдында таанытуу туру өткөрүлдү.
Турда Анкарадан башталган поезд Кайсери, Малатия жана Элазыгда токтоп, болжол менен 1 күндөн кийин Диярбакырга жетти.
Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Анадолу аймактарында каттам боюндагы табигый көрүнүштөрдөн ырахат алган жүргүнчүлөр токтогон шаарларды да таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.