«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган аймактарда балдардын жүзү жылмаюуда

Кайрадан үйлөрүнө кайтуунун бакытын жашаган сириялык балдар, Түркиянын да колдоосу менен жаңыланган мектептеринде кайрадан билим ала башташты.

1360361
«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган аймактарда балдардын жүзү жылмаюуда

«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Сириянын Ра-Эл-Айн жана Тель-Абьяд райондорунда Түркиянын колдоосу менен балдардын жүзү жылмаюуда.

Кайрадан үйлөрүнө кайтуунун бакытын жашаган сириялык балдар, Түркиянын да колдоосу менен жаңыланган мектептеринде кайрадан билим ала башташты.

Бир канча апта мурда баскетбол аянтчалары, волейбол аянтчалары жана футбол дарбазалары Түркия тарабынан жаңыланган Тель-Абьяддагы Шаркиййе, Жеррах, Эл-Саббах жана Зейнеп башталгыч мектептерине теннис үстөлдөрү коюлду.

Аймакта иштерин улантып жаткан Түрк жооптуу кызматкерлер, бир тараптан спорт аянтчаларынын монтаждалышын жасап жатканда экинчи тараптан окуучулар менен баарлашып алардын кубанычына ортоктош болууда.

Желектер илинген мектептеринде курулган теннис үстөлдөрүндө алгачкы оюндарын ойногон сириялык балдар, президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркия калкына ырахмат айтышууда.



Тектеш кабарлар