Учмакдереде парапланчылык

Учмакдереге келген эс алуучулар деңиз менен кошо табигый кооздукту моокуму кангыча көрүп, кооздугуна кооздук кошкон парапланчылык менен көк асманга көтөрүлүүнүн толкундануусунда...

1252562
Учмакдереде парапланчылык

Деңиз менен жашыл түс жанаща турган Текирдагдын Шаркөй районуна караштуу Учмакдере аймагы, Курман айт майрамында парапланчылык менен көңүл сергиткиси келгендерге кожоюндук кылды.

Учмакдереге келген эс алуучулар деңиз менен кошо табигый кооздукту моокуму кангыча көрүп, кооздугуна кооздук кошкон парапланчылык менен көк асманга көтөрүлүүнүн толкундануусунда...

Текирдагдын Парапланчылык клубунун куруучу мүчөсү Санлы Фидан, өз билдирүүсүндө ар түрдүү толкунданууга ээ болугусу келгендерди көк асманда жолугуштургандарын айтты.

Фидан, аймакка жергиликтүүлөрдүн да келүүсү улам артканын белгилеп, «Жыл бою аймакта парапланчылык болуп турат. Учмакдере аймагы учуу үчүн Түркиянын эң ыңгайлуу жерлеринен бири. Бул жер экстрем спортун сүйүүчүлөр үчүн абдан атактуу жер. Көк менен жашылдын шайкештигин абадан көрүп моокуму кангыча учууга болот»,-деди.

Учмакдереге жетүү жеңил экенин айткан Фидан: «Текирдаг облус борборуна 25, Стамбулга 150 чакырым алыстыкта орун алган. Бүгүн аба-ырайы учууга абдан ыңгайлуу. Орто эсеп менен 15-20 мүнөт учкандан кийин деңиздин жээгине конобуз»,-деди.

Эс алуу үчүн Текирдагга келген Мерт Желал Түрк да Учмакдерени абдан жактырганын жана алгач ирет уча турганы үчүн абдан толкунданып турганын айтты.



Тектеш кабарлар