Угур Шахин: «Түркиядагы клиникалык изилдөөбүздү арттырабыз»

Вехби Коч Фондунун «Адамзатка өзгөчө кызмат» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү BioNTech компаниясынын негиздөөчүлөрү, Ковид-19 вакцинасын иштеп чыккан түрк тектүү илимпоздор, профессор доктор Өзлем Турежи жана профессор доктор Угур Шахин болду.

1848267
Угур Шахин: «Түркиядагы клиникалык изилдөөбүздү арттырабыз»

Германияда жайгашкан биотехнология фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, профессор, доктор Угур Шахин BioNTech бренди менен келерки жылы Түркияда клиникалык изилдөөлөрдү баштай тургандарын айтты.

Вехби Коч Фондунун «Адамзатка өзгөчө кызмат» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү BioNTech компаниясынын негиздөөчүлөрү, Ковид-19 вакцинасын иштеп чыккан түрк тектүү илимпоздор, профессор,доктор Өзлем Түрежи жана профессор доктор Угур Шахин болду.

Стамбулдагы Коч университетинде өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Угур Шахин Түркиядагы клиникалык изилдөөлөрү тууралуу суроого жооп берип жатып: «Түркияда рак жана иммунотерапия боюнча клиникалык изилдөөлөрүбүздү арттыргыбыз келет. Бул боюнча иштеп жатабыз. Эмки жылы BioNTech бренди менен клиникалык изилдөөлөрүбүздү баштайбыз деп күтүп жатабыз»,-деп айтты.

Шахин, Ковид-19 жөнүндө суроого: «Биз биринчи вирусту натыйжалуу кармадык. Демек, оригиналдуу вирус жок. Эмдөө кампаниясы ийгиликтүү өттү. Азыр бизде Omicron бар. Бул вариант такыр башкача. Вирус өзгөрүп жатат, биз аны эволюция деп атайбыз. Бул эң башынан бери биз күткөн нерсе»,-деп жооп берди.

Кийинки процессте Ковид-19 жөнүндө күткөндөрү тууралуу суроого Шахин мындай деди: «2020-жылы менден сурашканда,«бул вирус бизде жок дегенде 10 жыл болот»,деп айткам».

Угур Шахин Omicron вариантын эске салып, вакцинадан качса адамдарды эмне күтүп турганын суралганда, төмөнкүдөй баа берди: «Келечекте бизди эмне күтүп турганын билбейбиз, жок дегенде биз абдан кызуу жана окуяларсыз күз-кыш мезгилин күтүп жатабыз деп айтсак болот. Бирок айта кетчү нерсе, жаңы толкун алдыда. Бул зыянсыз болот деген маалыматтар жок. Ошондуктан даярдануу пайдалуу. Omicron вариантына биздин ылайыкташтырылган вакциналарыбыз бар экенин айткым келет»,-деди.

Рак боюнча изилдөөлөрү тууралуу суралган профессор Доктор Өзлем Турежи анын бир гана дарылоо эмес, рактын алдын алуу боюнча да изилдөөлөрү уланып жатканын белгилеп: «Учурда бизде жекелештирилген вакциналарды изилдөө боюнча клиникалык изилдөөлөрүбүз жүрүп жатат. Биз рактын көптөгөн түрлөрү боюнча иштеп жатабыз. Мисалы, рак боюнча 2-фаза изилдөөлөрүн улантып жаткан вакцина изилдөөсү бар. 3-5 жылда онкологиялык оорулууларга бул вакцина колдонулса болуп болбой турганын көрөбүз. Аны көрө алабыз деп үмүттөнөм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар