Үй-бүлөлүү жана университетти бүтүргөн эркектер узак жашашы мүмкүн

Даниялык илимпоздордун айтымында, эркектердин жашоо узактыгы аялдарга караганда азыраак болгону менен, алардын «аялдарга караганда узак жашоо мүмкүнчүлүгү жогору болушу мүмкүн».

1863328
Үй-бүлөлүү жана университетти бүтүргөн эркектер узак жашашы мүмкүн

Үй-бүлөлүү жана университетти бүтүргөн эркектер узак жашашы мүмкүн.

Даниялык илимпоздордун айтымында, эркектердин жашоо узактыгы аялдарга караганда азыраак болгону менен, алардын «аялдарга караганда узак жашоо мүмкүнчүлүгү жогору болушу мүмкүн».

Жыйынтыктары BMJ Open журналында жарыяланган изилдөөдө 1751-2020-жылдар аралыгындагы бардык континенттердеги 199 өлкөдө эркектер менен аялдардын өмүрүнүн узактыгы боюнча чогултулган маалыматтар талданган.

Изилдөө көрсөткөндөй, өнүккөн өлкөлөрдө эркектердин аялдарга караганда узак жашоо ыктымалдыгы 1970-жылдарга чейин азайган, бирок кийинки жылдары бардык калктарда акырындык менен өскөн.

Тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу сыяктуу башка жүрүм-турум айырмачылыктарынын орточо жашоо узактыгынын өзгөрүшүнүн көбөйүшүнө жана азайышына таасирдүү болгону белгиленди.

1751-жылдан бери изилденген бардык популяцияларда эркектер дээрлик бардык жылдарда аялдардан 25 жана 50 пайызга көбүрөөк жашай тургандыгы аныкталган.

Адистер ошондой эле «Үй-бүлөлүү же жогорку билимдүү эркектер бойдок же орто билими жок аялдарга салыштырмалуу узак жашайт» деп белгилешти.

Изилдөөчүлөр,«Эркектердин жашоо узактыгы аялдарга караганда төмөн жана өлүмдүн көрсөткүчү ар кандай куракта жогору болгону менен, эркектердин да аялдарга караганда узак жашоо мүмкүнчүлүгү жогору. Бул табылгалар «аялдар эркектерге караганда узак жашашат» деген ишенимге шек келтирет. Орточо жашоо мөөнөтүндөгү айырмачылыктар тууралуу билбей туруп жорум жасоо, чыныгы теңсиздиктин бурмаланып кабыл алынуусуна алып келиши мүмкүн»,деген тыянакка барышкан.



Тектеш кабарлар