«Үй чыгарылышы» аттуу сериал бейшемби күнү кечинде ТРТ-1 каналында...

Кызыгуу менен күтүлгөн «Үй чыгарылышы» аттуу сериал Түркия убактысы боюнча саат 20:00да ТРТ-1де...

1391602
«Үй чыгарылышы» аттуу сериал бейшемби күнү кечинде ТРТ-1 каналында...

Актер жана актрисалар өз үйлөрүндө жана толугу менен өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып тарткан алгачкы сериал «Үй чыгарылышы» бейшемби күнү кечинде Түркия радио-телеберүү мекемесинин каналы ТРТ-1де көрүүчүлөргө тартууланат.

Сценарийи Бирол Гүвен тарабынан жазылган оюнчулардын өз үйлөрүндө өз мүмкүнчүлүктөрү менен тарткан көңүл ачуучу сериал «Үй чыгарылышы» бейшемби күнү кечинде алгачкы бөлүмүн экранга чыгарат. Аты сыяктуу үй чыгарылышы болгон сериал, ушул кыйын күндөрдө ТРТ-1 көрүүчүлөрүнүн жүздөрүн жылмайтат.

Расим Өзтекиндин сахналарын жубайы Эсра Өзтекин тартса, Эсра Өзтекиндин сахналарын жубайы Расим Өзтекин тартты. Өзтекин үй-бүлөсү оюнчу, оператор, жарыктандыруучу жана үн режиссорлугун кылды.

Арасында бир оюнчу менен баш кошуп 3 бала төрөгөн Шорай Узун, эң узун сахнага ээ болду. Ал үйдүн башкы каарманы да сүйүктүү Элчин Шорай жана бири-биринен жөндөмдүү уулдары.

Ошондой эле оюнчу болгон Нихан Дурукан менен баш кошкон Нежми Йапыжынын уулу Эмре Йапыжынын да кино-телеберүүнүн студенти жана сыйлыкка ээ болгон кыска метраждуу фильмчи болушу үйгө чоң мүмкүнчүлүк алып келди.

Бул ишти алгач ирет баштагандар болсо техникалык топтун багыттоолору менен бир канча күндүн ичинде абдан маанилүү жолду басып өттү. Берат Йенилмездин жубайы Седа Йенилмез эми бир режиссер болду.

Кызыгуу менен күтүлгөн «Үй чыгарылышы» аттуу сериал Түркия убактысы боюнча саат 20:00да ТРТ-1де...


Этикеткалар: #ТРТ-1де , #Үй чыгарылышы

Тектеш кабарлар