Украиналык жылдызда коронавирус аныкталды

Ольга Куриленко, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) анализинин позитив болуп чыкканын жарыялады.

1379180
Украиналык жылдызда коронавирус аныкталды

Украиналык атактуу актриса Ольга Куриленко, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) анализинин позитив болуп чыкканын жарыялады.

40 жашындагы кино жылдызы Ольга Куриленко, социалдык медиа барагынан берген маалыматында, «Коронавирус анализим позитив болуп чыккандан кийин өзүмдү үйүмө камадым. Чындыгында 1 аптадан бери ооруп жатам. Негизги симптомдорум температура жана чарчоо. Өзүңүзгө сак болуңуз жана буга олуттуу караңыз»,-деди.

Ольга Куриленко, Жеймс Бонд кино сериясынан «Quantum Solace» тасмасында роль алган жана Russell Croweдун Чанаккаледе тарткан «Акыркы үмүт» фильминде Йылмаз Эрдоган жана Жем Йылмаз менен бирге «Айше» ролун ойногон.



Тектеш кабарлар