Улудаг лыжа борборуна келгендер абдан көбөйдү

Улудагда аптанын акырында эс алууга келгендер абдан көп болду.

1124761
Улудаг лыжа борборуна келгендер абдан көбөйдү
uludag1.jpg

Түркиянын маанилүү кышкы туризм борборлорунан Улудагда аптанын акырында эс алууга келгендер абдан көп болду.

Отеллер аймагындагы коноктоочу комплекстер жана тилкелер аптанын акырын Улудагда  өткөргүсү келген жергиликтүү жана чет элдик туристтерге жык-жыйма толду.

Бир күндүк эс алуу үчүн келгендер да кошулганда киши батпай калган Отеллер аймагында, жергиликтүү жана чет элдик туристтер лыжа жана сноуборд спорттору менен катар кар тоголоктоп бири-бирине ыргытып ойношту.

Бурсанын Метеорология мүдүрлүгүнөн алынган маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 166 см, абанын температурасы -4  +2 градус болгон Улудагда кар жаашы улам токтоп уланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар