YTB чет өлкөдөгү атуулдарга сунуш билдирүүлөрүн жарыялоодо

YTBдан алынган маалыматка караганда чет өлкөдө жашаган атуулдардын Ковид-19 чара көрүүлөрү тууралуу маалыматтандырылган видео, министрликтин социалдык медиа барактарынан бөлүшүлөт.

1388464
YTB чет өлкөдөгү атуулдарга сунуш билдирүүлөрүн жарыялоодо

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) чет өлкөдө жашаган түрк атуулдарына жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында жашаган өлкөлөрүндө үйлөрүнөн чыкпоого чакырык салды.

YTBдан алынган маалыматка караганда чет өлкөдө жашаган атуулдардын Ковид-19 чара көрүүлөрү тууралуу маалыматтандырылган видео, министрликтин социалдык медиа барактарынан бөлүшүлөт.

«Үйдө бол,аман бол» урааны менен даярдалган видеодо чет өлкөдө жашаган атуулдардын көрө турган жөнөкөй чара көрүүлөрү менен Ковид-19 пандемиясынан сактана ала тургандарына көңүл бурууда.

Атуулдарга жашаган өлкөлөрүндөгү расмий эскертүүлөргө кылдат баш ийүүлөрү, зарылдык болмоюнча үйдөн чыкпоолору, калың эл жашаган чөйрөлөрдөн узак туруулары боюнча чакырыктар орун алган видеодо, улгайган атуулдардын үйдөн чыкпоосу абдан маанилүү экени баса белгиленген.

Видеодо, чет өлкөдөгү атуулдарга, социалдык аралык жана бардык гигиена эрежелерине көңүл буруулары, оорукчандардын көптүгү эске алынып мажбур болмоюнча ооруканаларга барбоолору жана саламттык абалы үчүн бир гана расмий жарыялоолорду эске алуулары сунушталган.



Тектеш кабарлар