YTB чет өлкөдөгү түрк жарандарына кайрылуу жолдоду

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) чет өлкөдө жашаган түрк атуулдарынан жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19)карата көрүлгөн чаралардын алкагында жашаган өлкөлөрүнөн чыкпоолорун өтүндү.

1382860
YTB чет өлкөдөгү түрк жарандарына кайрылуу жолдоду

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) чет өлкөдө жашаган түрк атуулдарынан жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19)карата көрүлгөн чаралардын алкагында жашаган өлкөлөрүнөн чыкпоолорун өтүндү.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы социалдык медиа барактары аркылуу чет өлкөдөгү атуулдарга карай «Үйдөн чыкпайлы!» темасы менен билдирүү жарыялады.

Чет өлкөдөгү атуулдарга Ковид-19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында көрүлгөн чараларга баш ийүүлөрү жана үйдө эс алуулары сунушталган жарыяда, «Биз үчүн баалуусуз» деген пикир орун алды.

Атуулдарды турган өлкөлөрүндө калың элдин арасына кирбөө жана расмий эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырган жарыяда, «Дүйнөдө вирустун жайылуусун эске алып олуттуу саламаттык сактоо тобокелчиликтерине бөгөт болуш үчүн саякат кылбаңыз. Вирустун жугуштуулугун эске алып киши көп жүргөн жерге эч качан кирбеңиз. Ден-соолугуңузду коркунучка салбай турган жериңиздин жергиликтүү органдары, тийиштүү элчилик жана башкы консулдуктары тарабынан жасалган расмий билдирүү жана эскертүүлөргө көңүл буруңуздар»,-деп улантылды.

Жаңы типтеги коронавирус кеңири көрүнгөн өлкөлөргө каттамдардын алдын алуу үчүн токтотулганын эске салган жарыяда, атуулдардын сөөктөрүн өткөрүүлөрүнүн болсо Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон координацияда Түрк аба жолдору тарабынан камсыздалганы белгиленди.

Жарыяда: «Дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтанып, ден-соолугубуз үчүн керектүү гигиена эрежелерине эң жогорку деңгээлде баш ийели»,делди.



Тектеш кабарлар