YTB төрагасы Эрен Болгарияда «Түркия стипендияларын» таанытты

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен,Болгарияда «Türkiye Bursları» (Түркия стипендиялары) программаларын таанытты.

1345449
YTB төрагасы Эрен Болгарияда «Түркия стипендияларын» таанытты

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Түркиянын жыл сайын  бакалавриат, магистратура жана докторантурада окуган 4 миңдей чет өлкөлүк студентке стипендия берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын белгилеп, коңшу өлкө Болгариянын өздөрү үчүн маанилүү экенин айтты.

Абдуллах Эрен, Болгарияда «Türkiye Bursları» (Түркия стипендиялары) программаларын таанытты.

Эрен, ушул алкакта «Константин Плеславский»  университетинде өткөн таанытуунун алдында ректор проф. Д-р Георги Колев менен жолукту.

Абдуллах Эрен, 126сы мамлекеттик болуп 208 университети болгон Түркиянын камсыздаган стипендия программалары үчүн 170 өлкөдөн кайрылуу алганын түшүндүрдү.

«Түркия стипендияларын» таанытуу программасында сөз сүйлөгөн Эрен, Түркиядагы жогорку билим берүүнүн сапатына токтолуп, «Эң маанилүү критерийибиз академиялык ийгилик болуп саналат.Биз стипендия берип жатканда этникалык теги, улуту эмес, критерий катары окуудагы ийгилигин алдыңкы планга чыгаруудабыз»,-деп айтты.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы программадан кийинки баа берүүсүндө болсо YTB бир жума Болгарияда таанытуу акциясын жүргүзгөнүн, ушул алкакта Болгариядан студент талапкерлеринин санында өсүү күткөндөрүн айтты.

«Биз Балкан аймагынын тынчтыгы үчүн жана ошондой эле Түркиянын деңизден жана кургактыктан чек аралаш коңшусу болгон өлкөлөр менен эки тараптуу карым-катнаштарын дагы жогору деңгээлге чыгарышы үчүн стипендияларга абдан маани беребиз»,-деп айткан Эрен, «Türkiye Burslarının» (Түркия стипендияларынын) ийгиликке таянган эл аралык стипендия программасы болгонун жана бир гана тектештерге эмес, бардык болгар жаштарына ачык экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар