YTBдан террорго каршы жакшылык фурасы Сирияга барды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) Сирияда операциялар менен террордон тазаланган шаарларда жүргүзгөн ар түрдүү иш-чаралары менен аймак калкынын кем карчын толуктап жүздөрүн жылмайтууда.

1307378
YTBдан террорго каршы жакшылык фурасы Сирияга барды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) Сирияда «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» операциялары менен террордон тазаланган шаарларда жүргүзгөн ар түрдүү иш-чаралары менен аймак калкынын кем карчын толуктап жүздөрүн жыймайтууда.

Жераблус, Чобанбей, Баб жана Африн баш болгон бул аймактарда жашаган сириялык балдар, «YTBнын көңүл аймагы маданият жолугушуулары» программасынын алкагында жол тарткан жакшылык фурасы аркылуу уюштурулган театр көрсөтүүсү, сынактар, Хаживат-Карагөз оюну жана күтүлбөгөн белектер менен көңүлдүү убакыт өткөрүшүүдө.

Террор калтырган изди аз да болсо унуттуруш үчүн аймактагы иштерин уланткан YTB, сириялык балдар үчүн Жераблустагы «Ахмет Салим» башталгыч мектеби, Чобанбейдеги «Шейит Муса Өзалкан» маданият үйү, Бабдагы «Шейх Эл Мүжахидин» мектеби жана Африндеги «Иттихат» башталгыч мектебинде ар түрдүү иш-чараларды уюштурду.

Башкармалыктын сириялык балдар үчүн уюштурган оюндары, конкурстары жана күтүлбөгөн белектери балдардын жүздөрүн жыймайтууда.

Иш-чаралардын алкагында Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) Балдар каналынын жактырылган мультфильмдеринен «Рафадан Тайфа» каармандары да аймактагы балдар менен жолукту.



Тектеш кабарлар