Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы

Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.

2131244
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
cenevre turk haftasi.jpg
cenevre turk haftasi.jpg

Швейцариянын Женева шаарында Түрк жумалыгы программасы өтүүдө.

Түрк маданиятын таанытууну максат кылган программанын алкагында, Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюмунда Гала-концерт өткөрүлдү.

Иш-чарага Түрк Мамлекеттер Уюму, Эл аралык Түрк маданияты уюму, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы жана ар кайсы уюмдардан өкүлдөр менен депутаттар катышты.

Гала-концерт иш-чарасында түрк дүйнөсүнүн 7 башка өлкөсүнөн өнөрпоздор концерт берип, бий өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Андан соң конокторго түрк дүйнөсүнүн даамдары тартууланды.

Түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын, искусствосун жана түрк кызматташтык уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди таанытууну максат кылган Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.



Тектеш кабарлар