Зонгулдактын жээгинде тарыхый колонна башы табылды

Анын салмагы 50 килограммды түздү.

1469454
Зонгулдактын жээгинде тарыхый колонна башы табылды

Зонгулдактын Алаплы районунун жээктеринде Рим дооруна таандык деп эсептелген колонна башы табылды.

Муниципалитеттин кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөдө салмагы болжол менен 50 килограммды түзгөн таштын Рим дооруна тандык колонна башы болушу мүмкүн экендигин айтышты.

Алаплы муниципалитетине алып барылган таштын, Эрегли музей башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иликтене тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар