2018 - жылдын африкалык футболчусу Салах

2018 -  жылдын мыкты африкалык футболчусу сыйлыгы Сенегалдын борбор шаары Дакарда өткөн аземде ээлерине тапшырылды.

1122494
2018 - жылдын африкалык футболчусу Салах

Англис клубу Ливерпулдун египеттик оюнчусу Мухаммед Салах бири биринин артынан экинчи жолу жылдын африкалык футболчусу болду.

Африка футболдук конфедерациясынан берилген маалыматка караганда 2018 -  жылдын мыкты африкалык футболчусу сыйлыгы Сенегалдын борбор шаары Дакарда өткөн аземде ээлерине тапшырылды.

Мүчө өлкөлөрдөн техникалык директорлор жана федерация жетекчилери катышкан добуш берүүдө сенегалдык  Садио Мане жана 2015 -  жылдын жеңүүчүсү габондук Пиерре  - Емерик Аубамейангды артта калтырган Салах 2017 -  жылдан кийин 2018 -  жылы да сыйлыкка ылайык көрүлдү.

Биринчи жолу 1992 -  жылы берилген сыйлыкты 17 башка футболчу алды. Эң көп сыйлык алган ысым камерундук Самуэль Ето менен кот-д'ивуардык  Яя Туре болду.

 

 



Тектеш кабарлар